• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖЭБдеги модернизация: Исаков жана Сатыбалдиев соттук отурумда сөз сүйлөштү

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупция иштери боюнча биринчи ачык соттук отурум башталган.

Айыпталуучулар КРнын мурунку премьер-министрлери Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев соттук отурумдун жүрүшүндө сөз сүйлөштү. Жыйындын башында алар отурум ачык өтүшү керек деп билдиришти.

“Көп журналисттер отурумга кирбей калышты окшойт. Кабарчыларга жана башка катышуучуларга айыпталуучулардын сөзүн угуу үчүн баардык шарттарды түзүп беришибиз керек”, - деди Сапар Исаков.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд. 439 млн. сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий