• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги тендер боюнча айыпталгандар 6-7 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ЖЭБдеги тендерге байланыштуу жазык иши боюнча соттун өкүмү чыкты.

Ага ылайык, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоевге жети жыл алты ай, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Темирбек Ниязовго жети жыл, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбековго жети жыл, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу Канат Деркенбаев алты жылга эркинен ажыратылды.

Канат Деркенбаев сот залынан камакка алынды. Ал жазасын кайсыл абактар өтөөрүн 2-февраль 2017-жылы кабыл алынган КРнын ЖПКсынын талабына ылайык, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын комиссиясы аныктайт.

Ал эми калган соттолгондорго карата белгиленген бөгөт коюу чаралары өзгөрүүсүз калтырылды. “Электр стациясы” ААКнын келтирилген доо арызы канааттандырылып, соттолгондордон аталган мекеменин пайдасына 6 683 028,75 сом өндүрүлдү.

Чыгарылган өкүмгө нааразы тарап 10 куүндүн ичинде арызданууга укугу бар.

Пикир

Оставить комментарий