• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖЭБги авария боюнча сот: 23 от казандын баардыгы иштегенде көп көйгөй болмок эмес

Коом 0

Бишкек, 28.03.19 /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн шаардык Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2018-жылы январда болгон авария боюнча соттук процесс өтүүдө.

Бишкек ЖЭБ медернизациялоодо "Электр станциялары" ишканасынын башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов сурак берип жатып, от казан жулуулуктун контурун түзөрүн билдирди.

Прокурор буга чейин цехтин өкүлү жылуулук контуру абдан начар болгоннун айтканын билдирди.

"Эгер 23 от казандын баардыгы иштегенде, бул көйгөйлөрдүн көбү болмок эмес эле. От казан өзүнөн чыгарган жылуулук менен имаратты жылыта алмак”, - деп билдирди Бримкулов.

Ал эми имараттын айнектери жана чатыры тууралуу, Бримкулов бул маселени баардык цехтердин жетекчилери катышкан техникалык кеңештин жыйынында көтөрсө болчудай, деп кошумчалады.

Эске салсак, былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаар тургундарына жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан КРнын кылмыш Кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүндө (Шалаакылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий