• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖЭБги авария боюнча сот: Судья кошумча күбөлөрдөн сурак алуу суранычты четке какты

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жылуулук электр борборунда болгон авария боюнча кезектеги сот отуруму өтүүдө.

Иштин материалдарын изилдөө аяктап, учурда буга чейин жактоочулардын кошумча күбөлөрдөн сурак алуу боюнча болгон суранычы талкууланууда.

“Кошумча күбөлөрдү чакыруу боюнча сураныч түшкөндө, биз алардын баардыгынан сурак алганбыз. Ошондо келбей калган же ооруп калгандарды биз түбөлүк күтө албайбыз. Соттук отурумдун жүрүшүндө баардык маселелер талкууланып, учурда кошумча күбөлөрдөн сурак алуунун кажети жок”, - деди прокурор.

Судья эксперттик комиссяиянын ичинен эки күбө суралган эмес, деди.

Жактоочулардын кошумча күбөлөрдү чакыруу боюнча суранычы канааттандырылган жок.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий