• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖЕЭК жыйынын жыйынтыктары боюнча документтерге кол коюу аземи болду

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын жыйынтыктары боюнча документтерге кол коюу аземи болду. Бул тууралуу Кыргыз Республика Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

1. Молдова Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикте байкоочу мамлекеттин статусун алуу ниетин жактыруу.

- Евразиялык экономикалык комиссия белгиленген тартипте мүчө мамлекеттер менен бирге ЕАБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу жөнүндө Жобону иштеп чыгып жана ЖЕЭКтин кезектеги жыйынында бекитүү үчүн берсин.

- ушул чечимдин 2-пунктунда каралган Жобо бекитилгенден кийин Молдова Республикасына байкоочу мамлекеттин статусун берүү чечимин кабыл алсын.

- Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарынын 2016-жылдагы тышкы аудитти (көзөмөлдү) ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө.

2. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн 2017-2018-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө.

3. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ( 2 чечим).

4. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия мүчөсүн дайындоо жөнүндө (2 чечим).

5. Евразиялык экономикалык комиссиянын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (2 чечим).

6. Евразиялык экономикалык жамааттын мамлекеттер аралык чечими күчү жоготконун таануу жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий