• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖЕЭК жыйынынын алкагында 10 документке кол коюлду – Тигран Саркисян

Саясат 0

Бишкек, 14-март /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында 10 документке кол коюлду. Бул тууралуу ЖЕЭКтин кеңейтилген жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян билдирди.

Анын айтымында, алгачкы 6 документ 2017-2018-жылдардын экономикалык саясатына багытталган.

“Бул документтер кыска жана узак убакыт аралыгында маанилүү маселелердин артыкчылыктарын койду жана коюлган милдеттерди чечүү боюнча негизги чараларды камтыйт. Документ бардык катышуучулар тарабынан макулдашылды”,-деди ал.

Ошондой эле, Т.Саркисян 7-документ Казакстан тараптан кадрдык орун алмаштырууларды кароого багытталган.

“Күн тартибинин 8 жана 9-маселелери Бажы кодексинин мыйзамдарына байланыштуу. 10-маселе ЖЕЭКтин кийинки жыйынын үстүбүздөгү жылы 11-октябрда Москвада өткөрүүнү белгилөөгө багытталган”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий