• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жеенбаева: Каржы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүдө

Экономика 0


Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Каржы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

"Бүгүнкү күнү бардык өлкөбүздө дээрлик бардык бизнес өз ишин убактылуу токтотту. Бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө төмөндөө процесси жүрүп жатат. Жылдын жыйынтыгында төмөндөөнүн көлөмү 30 млрд сомдон ашык болушу мүмкүн. Ошол эле учурда коронавируска каршы күрөө иш-чараларына байланышкан кошумча чыгымдардын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалары көбөйүшү мүмкүн. Мындан улам Каржы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүдө. Биринчиден министрлик бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында бардык бюджеттик мекемелерди чыгымдарын кайра карап чыгууга чакырат", -деди ал.

"Экинчиден, бизге гранттарды жана эң төмөнкү пайыздык чен менен мүмкүн болушунча узак мөөнөттөргө насыяларды тартып келүү максатында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, эл аралык финансылык институттарга, донор өлкөлөргө кайрылууга туура келди. Алардын насыялары биз үчүн алгылыктуу болуп саналат. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары боюнча карызды тындыруу мөөнөтү -10 жыл, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду – 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкы -32 жыл, Дүйнөлүк банк – 38 жыл. Ресурстардын пайыздык чендери да алгылыктуу. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары - 0,7 пайыздык чен менен, Дүйнөлүк банктыкы - 0,75%, Азия Өнүктүрүү банкы 1 пайызга чейин чен менен берилет. Ошондой эле ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар. Ошондой эле гранттар тартылууда", - деди ал.

Каржылоо 3 багытта тартылууда:

1. Бюджетти колдоо

2. COVID-19 менен күрөшүү

3. Бизнести колдоо

"Кредиттердин бир бөлүгү экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө, айыл чарбасына, суу менен жабдууга, энергетика жана келечекте экономикалык өсүүгө өбөлгө түзө турган инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат. Өнүккөн логистика жана инфраструктура жеке секторду өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк төрдү ачат. Кредиттердин дагы бир бөлүгү чакан жана орто бизнести, фермерлерди, айылдык ишкерлерди колдоого жумшалат. Министрлик мамлекеттик финансыларды мүмкүн болушунча натыйжалуу башкарууга, республикалык бюджеттин бардык чыгымдарын катуу көзөмөлгө алууга аракет кылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий