• 84.45
  • 88.02
  • 1.37

Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту

288 кароо Саясат 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Кечээ, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Кулубаев маектешине кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Блинкен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануусун айтып, дипломатиялык аракеттер аркылуу тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында, аймактык платформаларда, анын ичинде "Борбордук Азия + Америка Кошмо Штаттарынын" ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун айрым маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий