• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Андорранын тышкы иштер министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Андорранын тышкы иштер министри Мария Убах Фонт менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылчылыгы тууралуу пикир алмашуу болду.

Тоо күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде кыргыз тарап демилгелеген Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун алкагында кызматташуунун келечеги жана бул күн тартибин аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү боюнча биргелешкен пландар өзүнчө талкууланды.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Ж.Кулубаев ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий