• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулубаев БУУнун башкы катчысынын орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысынын саясий жана тынчтык орнотуу маселелери боюнча орун басары Розмари ДиКарло менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн 22-саммитине катышуунун алкагында болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү менен кызматташууну мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн жана бул аймактагы БУУнун институттарынын ролун белгилешти.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда жана Борбордук Азияда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылууда көрсөткөн колдоосу үчүн Розмари ДиКарло аркылуу БУУга ыраазычылык билдирди.

Жээнбек Кулубаев БУУнун Борбордук Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборунун чөлкөмдөгү мамлекеттерге конфликттик кырдаал жаралган учурда өз убагында колдоо көрсөтүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, Регионалдык борбордун бул багытта жигердүү иш алып баруу мүмкүнчүлүгү бар экенине басым жасады.

Соңку окуяларга байланыштуу тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы кырдаалды да талкуулады. КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев мындай кырдаалга өкүнүчүн билдирип, кыргыз тарап орун алган талаш-тартыштарды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү принциптерин карманарын дагы бир жолу билдирди.

Пикир

Оставить комментарий