• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Бельгияга учуп кетти

Саясат 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Бельгияга учуп кетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын алкагында Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташтык боюнча кеңешинин 19-отуруму өтөт.

"Анда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министр Кулубаевдин Еврокомиссиянын, Еврокеңештин жетекчилиги жана Бельгиянын тышкы иштер министри Хаджа Лабиб менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө КР менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын экономикалык маселелери, Кыргызстанда Евробиримдиктин долбоордук жана программалык иш-чараларын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралат.

Пикир

Оставить комментарий