• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбек Кулубаев Кувейттин элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин Кыргызстандагы элчиси (айкалыштыруу менен) Омар Ахмед Аль-Кандаринин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев элчи Омар Ахмед Аль-Кандарини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, элчи Омар Ахмед Аль-Кандари жылуу кабыл алгандыгы үчүн министрге ыраазычылык билдирип, ортодогу бир туугандык мамилелерди мындан ары жогорку деңгээлге алып чыгуу үчүн зарыл болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну макулдашты.

Ошондой эле Кыргыз-Кувейт өлкөлөрүнүн ортосундагы саясий диалогду чыңдоо максатында, Кыргызстанда Кувейттин элчилигин ачуу, бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстанда жигердүү иш алып барып жаткан Кувейт тарабынан каржыланган кайрымдуулук фонддордун ишмердүүлүгү канааттануу менен белгиленип, кувейттик кайрымдуулук жардамды мындан ары арттыруунун жана алардын ишмердүүлүгүн координациялоонун жолдору талкууланды.

Тараптар сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн биргеликте аракеттенип, ар дайым тыгыз байланышта болууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий