• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбек Кулубаев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кытай элчиси КЭРдин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге даректелген катын берди.

Тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери, соода-экономикалык кызматташууну жигерленттирүү, Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашты. Тараптар ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү маселелерин, эки тараптуу маанилүү иш-чараларды өткөрүү боюнча пландарды талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстандын жүк ташуучуларынын Кытайдын деңиз портторундагы жүктөрүнүн токтоп турушуна, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы үзгүлтүксүз жүк агымын камсыз кылуу максатында көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштырууга байланыштуу көйгөйлөрдү белгиледи.

Жолугушуу достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий