• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Мальдив ТИМ башчылары визасыз режим боюнча келишимге кол койду

Саясат 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мальдивдин тышкы иштер министри Абдулла Шахид менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, визасыз режимдин географиясын кеңейтүү максатында жолугушуунун алкагында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Мальдив Республикасынын – жалпы жарандык, ошондой эле дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторуна ээ жарандары 30 (отуз) күнгө тараптардын мамлекеттеринин аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жашап турууда визалык талаптардан бошотула тургандыгы көрсөтүлгөн.

Жолугушуунун соңунда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий