• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбек Кулубаев дипмиссиясынын аяктаганына байланыштуу Польшанын элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев миссиясынын аяктаганына байланыштуу Астана шаарындагы резиденциясы менен Польшанын Кыргызстандагы элчиси Селим Хазбиевич менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр эки өлкөнүн ортосундагы жылуу жана достук мамилелерге канааттангандыгын билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын Польша менен эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө жана ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиги тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге түрдүү деңгээлдеги визиттерди алмашуунун маанилүүлүгүн белгиленди.

Тараптар Кыргызстанда ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун зарылчылыгын макулдашты.

Мындан тышкары, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча кыскача пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий