• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбек Кулубаев Стамбулда ТМУ ТИМ башчыларынын кезексиз жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Кечээ, 17-октябрда Стамбул шаарында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министрлери ТМУнун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ТМУнун эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен күч-аракеттер, уюмдун өнүгүү перспективалары жана жаңы институттарды түзүү боюнча пикир алмашышты.

Тактап айтканда, министрлер алдыда боло турган ТМУнун Саммитинде түрк өлкөлөрүнүн саясат, экономика, маданият жана башка жаатындагы келерки беш жылдык кызматташтыгынын “кол китебине” айланууга арналган “2022-2026-жылдарга карата ТМУнун Стратегиясы” документинин кабыл алынышын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлери аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, ошондой эле глобалдык процесстердин өнүгүүсүнүн башка тенденциялары боюнча пикир алышты.

Министр Кулубаев учурдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жана абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана чыңалууну басаңдатуу боюнча Кыргызстан тарабынан жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтө турган кезектеги ТМУ Саммитине даярдык көрүү маселелерине көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий