• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кулубаев Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды

Коом 0

Бишкек, 17.08.22./Кабар/. Бүгүн, 17-августта КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга болгон иш сапарынын жана Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйынынын алкагында Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тарыхый-маданий комплексте Кулубаев Даңк аллеясы менен Ататүрктүн күмбөзүнө барып, анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Түркиянын биринчи президентинин урматына бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти.

Ошондой эле министр Кулубаев Аныткабир күмбөзүнө барып, Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Пикир

Оставить комментарий