• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбек Кулубаев түркиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда кыргыз тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев түркиялык кесиптеши Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн башында Кулубаев Хакан Фиданды Түркиянын тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.

Андан ары министрлер эки тараптуу мамилелердин деңгээлин, ошондой эле стратегиялык кызматташтыктын жана салттуу боордоштук мамилелердин күн тартибин канааттануу менен белгилешти. Бул контекстте Жээнбек Кулубаев Хакан Фиданды Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ТИМдеринин башчылары жакын арада тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын деңгээлинде Стратегиялык пландоо биргелешкен тобунун кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле башка пландаштырылган иш сапарларды жана иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча биргеликте күч-аракет жумшоого макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий