• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 13.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 12-ноябрда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун жаңы дайындалган башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушуудам министр Ж.Кулубаев К.Өмүралиевди жогорку эл аралык кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандын өкүлү ТМУну биринчи жолу жетектегенин жана анын институционалдык өнүгүүсүнүн чечүүчү мезгилинде ТМУну жетектей тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Кулубаев К.Өмүралиев менен ТМУнун алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады. Самарканд шаарында өткөн ТМУга мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын 9-саммитинин жыйынтыктарын өз убагында жана толук ишке ашыруу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда министр Ж.Кулубаев кыргыз тараптын Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын жана Катчылыктын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий