• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Токио шаарында япониялык кесиптеши менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 24.12.22. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Токио шаарында Япониянын тышкы иштер министри Ёсимаса Хаяси менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын жолугушуусу "Борбордук Азия + Япония" ТИМКнин диалогунун 9-катышуусунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду мындан ары да бекемдөө үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу зарыл экенин талкуулашты. Ошондой эле экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, саламаттыкты сактоо жана медицина, билим берүү, айлана-чөйрө жана туризм тармактарында эки тараптуу кызматташтыктын өз ара өнүктүрүү боюнча толук пикир алмашуу болду.

Жээнбек Кулубаев кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого кызык экендигин белгиледи. Экологиялык таза ата мекендик продукцияны экспорттоону көбөйтүүдөгү өзгөчө мүмкүнчүлүктөр бар экен баса белгиледи.

Ёсимаса Хаяси өз кезегинде эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирди. Борбордук Азия аймагы Япониянын тышкы саясатында маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Буга байланыштуу Япония Кыргызстанга эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттешүүнүн алкагында мындан ары да туруктуу колдоо көрсөтүүнү пландаштырууда.

Жолугушуунун аягында министр Кулубаев япониялык кесиптешин жакын арада Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Кыргызстандын жана Япониянын тышкы иштер министрликтерин 2023-2025-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий