• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбек Кулубаев жер титирөөгө байланыштуу Түркия элчилигинин имаратындагы көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине барып, жер титирөөдөгү көп сандаган курмандыктардан улам Түркияда жарыяланган аза күтүү күнүнө байланыштуу көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«2023-жылдын 6-февралында Түркиянын бир топ провинцияларында сезилген катуу жер титирөөнүн натыйжасында көптөгөн жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды абдан терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтам, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин каалайм. Кыргыз эли боордош Түрк элинин жанында болуп, бул кырсыктын кесепетинин тез арада жоюулушуна тилектешмин», – деп айтылат Жээнбек Кулубаев калтырган эскерүүдө.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Жээнбек Кулубаевге көңүл бургандыгы жана элчиликке көңүл айтуу үчүн келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий