• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: 2019-жылдын аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет

Президент 0


Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Жакынкы жылдары „Таза суу“ долбоорун ишке толугу менен ашыруу — негизги максатыбыз, - деп баса белгиледи өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда.

Ал билдиргендей, 2019-жылдын аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет, 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл.

"Анын ичинде 207 айылга каржылоо булактары аныкталган. Каржылоо булактары аныктала элек 345 айыл бар, аларга таза суу киргизүү үчүн жалпысынан 481 млн. долларга жакын же 34 млрд. сом талап кылынат. Бул каражаттын 450 млн. доллары донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталды", - деп билдирди ал.

Өлкө башчысы Кыргызстандагы дагы бир көйгөлүү маселеге токтолду. Ал — айыл-шаарларда саркынды суудан тазалоо системасын киргизүү. Бул маселе — Ысык-Көлдүн тегерегинде өтө көйгөйлүү.

"Учурда 20 шаарда таза жана саркынды суу боюнча иштер башталды, дагы 11 шаарда бул маселе актуалдуу бойдон калууда. Ирригацияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу — абдан маанилүү. Бул программаны 2026-жылга чейин үч этапка бөлүп аткарабыз. Биринчи топко кирген 17 ирригациялык объектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Экинчи топко кирген 14 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат. Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2024-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 18 млрд сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот. Калган 3-топтогу 12 долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат", - деп билдирди Жээнбеков.

Президент кошумчалагандай, ирригацияны өнүктүрүү программасынын алкагында жалпысынан 46 суу чарба объектисин куруу жана реабилитациялоо каралган.

"Бул программа боюнча талап кылынган сумманын жалпы көлөмү дээрлик 59 млрд. сомду түзөт", - деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий