• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков 2020-жылга карата бюджеттик саясаттын негизги багыттары менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысы 2019-жылы каралган республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2020-жылга карата бюджеттик саясаттын негизги багыттары жана параметрлери менен таанышты.

Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева маалымдагандай, 2019-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43 296,3 млн сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 624,4 млн сомго көп болгон.

Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62 632,8 млн сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 млн сомго өскөн.

2019-жылдагы расмий которуулардын көлөмү 13 275,4 млн сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 4 059,3 млн сомго көбөйгөн.

Министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163 710,4 млн сом деп пландалып жатканын билдирди.

Ошондой эле мамлекеттин тышкы карыздарын башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясында бир катар артыкчылыктуу багыттар аныкталганын эске салды.

Мындан тышкары, Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында стратегиялык милдеттерди жана иш-чараларды, соттук-укуктук реформаны ишке ашырууда жетиштүү каражат талап кылынат.

Ошону менен бирге мамлекет тарабынан социалдык милдеттерди так аткаруу, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн натыйжалуулугун катуу көзөмөлгө алуу зарылчылыгын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бюджеттик саясатынын негизги багыттары конкреттүү жыйынтыктарга багытталышы керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий