• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков 2020-жылга карата ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

Президент 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-январда, Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2020-жылга карата максаттар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыяланган жылдын алкагында пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгына көңүл бурду. Ал мамлекеттин бакубатчылыгы үй-бүлөнүн бакубатчылыгынан түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдөөгө ар дайым кылдат көңүл буруу, эне жана баланы социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылуу чоң мааниге ээ.

Президент өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бийликтин бардык бутактары менен мындан ары да натыйжалуу кызматташуунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы акыркы эки жылда региондорду өнүктүрүү, элет ишкерлеринин демилгелерин колдоо, жаңы жумушчу орундарды түзүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар жасалганын белгиледи. Мамлекеттик органдар баштаган ыргакты жоготпостон, аткарылып жаткан иштердин сапатына, кыргызстандыктардын бейпил турмушун камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл буруп, бул ишти улантып кетиши керек.

«Бүгүн өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация бизге мамлекет менен жеке сектор жана жарандардын ортосундагы өз-ара карым-катнаштын жаңы платформаларын түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, бул багытта алдыбызга койгон дымактуу милдеттер аткарылышы керек», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

Санариптештирүү мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун жогорулатып, коррупциянын деңгээлин кыскартат. «Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөткөндөй, өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системасынан көз каранды. Биз баштаган соттук-укуктук реформаны улантышыбыз керек», — деп белгиледи Президент.

Тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттар жөнүндө айтып жатып, Мамлекет башчысы жакынкы өнөктөштөр жана алыскы чет мамлекеттер менен өз ара пайдалуу жана натыйжалуу диалогду улантуу зарылдыгын белгиледи.

Биринчи кезектеги милдеттердин катарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылынын жана Улуу Ата мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында өтө турган иш-чаралар аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий