• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: 2024-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз деген милдетти койгонбуз

Президент 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. «2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз деген милдетти койгонбуз. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында элетти таза суу менен камсыз кылууну туруктуу өнүктүрүү долбоорун ишке киргизүү аземинде.

Мамлекет башчысы калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу бүгүн курч көйгөйлөрдүн бири экенин, ушуга байланыштуу бул багыт — мамлекеттик саясатыбыздын негизги багыттарынын бири экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

«Таза суу болбосо — калктын дени сак болбойт, туризм өнүкпөйт, инвестиция келбейт. Бул комплекстүү маселе. Ошондуктан, калкты таза суу менен камсыздоо мамлекеттик саясатыбыздын негизги багыттарынын бири. Биз 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатабыз. Өлкөбүздөгү айылдардын таза сууга болгон муктаждыгын чечүүгө жыл сайын республикалык бюджеттен дагы акча каражаты бөлүнүп берилип жатат. Бул багытта ошондой эле Кытай Эл Республикасы, Евробиримдик, Швейцария Конфедерациясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Ас-Салам, Ас-Сафа, Катар кайрымдуулук фонддору менен да активдүү иштеп жатабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүнкү күнү эл-аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу сууга муктаж айылдардын тизмеси түзүлүп, баардыгы болуп 27 млрд. сомдук финансылык булактар аныкталды.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен алдыдагы 5 жылда 653 калктуу конуштун калкы таза суу менен камсыз болот. Алардын ичинен 2018-жылы 69 айылы таза суу менен камсыз болду. 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен республиканын 44 айылында таза сууга болгон муктаждыктар чечилет.

Мамлекет башчысы ошондой эле КР Өнүктүрүү жана коомчулуктарды инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишин ачык-айкындуулугун камсыз кылуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Айылды суу менен камсыз кылууну туруктуу өнүктүрүү долбоору АРИС аркылуу Дүйнөлүк банк менен бирге ишке ашырылууда. Ал өлкөнүн калк жашаган пункттарын таза суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө жана санитардык абалын жакшыртууга багытталган. Бардыгы болуп АРИС 2024-жылы 653 айылдардын 117синде таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат.

Пикир

Оставить комментарий