• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: 2040-жылга чейинки Улуттук стратегияны ишке ашыруу саясий улантуучулукту жана өлкөнүн туруктуулугун камсыздайт

Саясат 0

Бишкек, 15.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2018-2040-жылдарга улуттук стратегияны ишке ашыруу саясий улантуучулукту жана өлкөнүн туруктуулугун камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешинин жыйынында Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди.

“Менин милдетим – жетишилгендерди бекемдөө жана өнүгүүнүн инновациялык жолун улантуу. Өкмөт башчы болуп турганда мен 2013-2017-жылдардын долбоорлорун ишке ашырууда кыйындыктарды көрдүм, бирок стратегияны ишке ашырууда биз бардык облустарда оң натыйжаларга жетиштик”, - деди ал.

Шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин улуттук деңгээлдеги диалогдун аянтчасы боло турган Улуттук Кеңештин статусун бекемдөө сунушун колдой турганын белгиледи. “Биз бардыгыбыз мунун күбөсү болдук, эч ким аны тана албайт. Улуттук Кеңеш коомго бийликтин бардык бутактарын бириктирүү белгисин берүүдө. Менимче, жаңы стратегиянын айланасындагы талкуулар аны жаңы идеялар менен толуктайт”,-деди Жээнбеков.

С.Жээнбеков стратегияда татыктуу экономикалык жана социалдык шарттарды түзүү өзгөчө орунга ээ экенине ишенет.

Пикир

Оставить комментарий