• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков 74 студентке президенттик стипендия тапшырды. Сүрөт

Президент 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. Быйыл жарыяланган конкурстун натыйжасында республика боюнча 31 ЖОЖдун 74 студенти президенттик стипендияга татыктуу болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бугүн, 27-декабрда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий