• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: 8-10 пайыздык чен жарандардын айрым категориялары үчүн оор бойдон калууда

Президент 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда Кыргызстандын каржы министри Адылбек Касымалиевди жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо маселеси, социалдык турак-жайларды куруу жана ипотекалык насыяларды өнүктүрүү боюнча көйгөйлөр жана сунуштар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин алдында «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» мамлекеттик программасынын алкагында Кыргыз Республикасында турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү маселеси турганын белгиледи.

“Жеткиликтүү турак жай” мамлекеттик программасы социалдык жактан багытталган программа. Ипотекалык насыялоо боюнча тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган. Биринчи кезекте бул программаны ипотекалык насыялоо менен саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, укук коргоо органдары жана социалдык тармактардын кызматкерлери колдонушу керек. Буга байланыштуу чендерин белгилеп жатканда, кыргызстандыктардын төлөө мүмкүнчүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эсепке алыш керек. Бүгүнкү күндө белгиленген 8-10 пайыздык чен жарандардын айрым категориялары үчүн оор бойдон калууда”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи баскычта ипотекалык насыялоонун негизги булагы бюджеттик каражаттар экенин белгилеп, Каржы министрлигине буга байланыштуу Мамлекеттик ипотекалык компанияны үзгүлтүксүз жана толугу менен каржылоону камсыздап берүүнү сунуштады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев жылдык пайыздык ченди 6 пайызга чейин акырындап төмөндөтүү милдетин ишке ашыруу үчүн каржы мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

“Бул жылы биз ипотекалык насыялоонун чендерин 7 пайызга чейин жеткирүүгө жана бул жылдын аягында, кийинки жылдын башында насыялар 6 пайыз менен бериле тургандай кылып аракет кылабыз. Бул чен менен биз 2017-жылы Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жабыркап, үй-жайсыз калгандар үчүн насыяларды берип жатабыз. Бул багытта жалпы суммасы 100 млн сомго 345 насыя бөлүнүп берилди. Биз бардык бюджеттик кызматкерлерге 7 пайыздык чен менен ушул жылы бере баштайбыз”, - деп билдирди Бактыбек Шамкеев.

Президент ошондой эле бюджеттик эмес тармакта иштегендерге ипотекага турак-жай алуу үчүн насыяларды берүү милдетин койду.

“Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен бюджеттик эмес тармакта иштеген жарандарга 12-14 жылдык пайыз менен насыяларды берүүгө ресурстар пайда болот. Келечекте калктын бул категориясы үчүн да пайыздык чендерди азайтуу мүмкүнчүлүгүн издейбиз”, - деп маалымдады Бактыбек Шамкеев.

Пикир

Оставить комментарий