• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Адам укуктарын коргоо - мамлекеттин негизги милдети

Президент 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда Кыргызстандын Конституциясынын 25 жылдыгына, Кыргыз парламентинин 80 жылдыгына жана Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференцияга катышып жатат.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу Озонния Ожиело мырза!

Айымдар жана мырзалар!

Бүгүн биз абдан салтанаттуу жыйынга чогулуп, жүз көрүшүп жатабыз.

Бир эле убакта үч мааракеге — Кыргызстандын Конституциясынын 25 жылдыгына, Кыргыз парламентинин 80 жылдыгына жана Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференцияны өткөргөнү турабыз.

Бул конференция Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен өтүп жатат.

Баарыныздарды ушул үзөнгүлөш келген үч майрам менен куттуктайм.

Биз адам укуктарын сыйлаган жана аны коргогон өлкө экенибизди дагы бир жолу тастыктоо үчүн бүгүнкү конференцияга чогулдук.

Бүгүн Баш мыйзамды да, парламентти да бир өңүттөн — адам укуктарын коргоо призмасы аркылуу караганыбыз — конференциянын жемиштүү болооруна өбөлгө түзөт.

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Адам укуктарынын жалпы декларациясы — дүйнөдөгү эң маанилүү жана эң белгилүү документ.

Эки дүйнөлүк согушту баштан кечиргенден кийин, адамзат баалуулуктарын сактоого чакырган, жер жүзүндөгү бардык тилге которулган эл аралык акт. Болгону 30 гана беренеден турган концепталдуу документ. Бириккен Улуттар Уюмунун өзү уюшулганына 3 эле жыл болгон мезгилде жаралган тарыхый декларация.

Бул Декларация кийинки мезгилде жалпы адамзат тааныган документтерге, алардын ичинде жарандык, саясий, экономикалык жана социалдык укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттарга пайдубал катары кызмат кылды.

Декларацияда камтылган идеялар кыргыз коомунун менталитетине, дүйнө таанымына туура келет. Анда жазылган аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу, адамдардын улутуна, тилине, динине карабай бирдей укугун таануу, коомдогу достук мамилелерди чыңдоо чакырыктары — биздин ата-бабаларыбыз аздектеп келген баалуулуктар менен үндөш.

Ар бир инсандын ар-намысын сыйлоо, балдардын, аялдардын укугун коргоо — илгертен келе жаткан тарыхый мурасыбызды, улутубуздун рухий дөөлөттөрүн сактоо менен барабар.

Ошондуктан биз — Кыргызстандын эли, 1994-жылы, Орто Азия чөлкөмүндө биринчи болуп, Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулганбыз.

Андан бери чейрек кылым убакыт өттү. Адам укуктарын коргоо — ошол бойдон биздин мамлекеттин негизги милдети катары сакталып келет.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Акыркы мезгилде, дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда, ишмердиги адам укуктарына каршы келген уюмдардын активдешкенин көрүп жатабыз.

Ар кандай саясий жана диний лозунгдарга жамынып, адам өмүрүн кыюуга баргандарды, адамдардын ден соолугун бузуп, аларды майып кылгандарга биз дайыма каршыбыз.

Биз алардын зордук-зомбулугун чечкиндүү айыптайбыз жана аларга каршы дүйнө коомчулугунун аракетин колдойбуз.

Кыргыз коомчулугу Декларацияда жазылбай калган, бирок, жалпы дүйнөгө зарыл болгон баалуулуктарды да сактоого ынтызар.

Мисалы, биз — ата-бабаларыбыз адам гана эмес, жаратылыштын, айбанаттын укугун сыйлаган эл экенибизди баса белгилегим келет.

Мунун далили катары — биздин дүйнө таанымыбызды таасын чагылдырган улуу жазуучубуз, нукура гуманист Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын айтсак болот.

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Адам укуктарынын жалпы декларациясында сот адилеттигине жана соттук териштирүүлөрдүн ачык–айкындыгына чоң маани берилет. Ошону менен катар, укук коргоо органдарынын „өзүм билемдигине“ жол бербөө зарылдыгы да баса белгиленген.

Кыргызстан акыркы мезгилде ушул багыттар боюнча чечкиндүү иштерди баштады. 2019-жылды соттук-укуктук реформанын практикалык этабы — жаңы укуктук нормалардын негизинде жашообуз башталат. Сотко чейинки кармоо жана тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, соттун чечимин аткаруу жумуштары кодекстердин жана мыйзамдардын жаңы нормалары менен жүргүзүлөт.

Кылмыштардын жана жосундардын Бирдиктүү реестри түзүлөт. Тергөө, сот, соттун чечимин аткаруу процесстери ачык-айкын болот. Пробация институту ишке киргизилет. Кыргызстан жаңы укуктук мейкиндикке кирет.

Урматтуу мекендештерим!

Жогоруда айтылган маанилүү реформаларды ишке ашырууга, коомдун турмушун жакшыртууга, ар бир жарандын укугун коргоону камсыз кылууга бүгүн биз 80 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Жогорку Кеңеш өзүнүн олуттуу салымын кошту.

Адам укуктарын мыйзам менен камсыздоо ишинин зор маанисин белгилөө менен, мен жалпы парламентке ыраазычылык билдирем.

Конституциялык реформаларды ишке ашырууда, Баш мыйзамдын нормаларын тактап, аларды адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн багыттоодо депутаттар тарыхый маанидеги эмгек өтөгөнү ырас.

Урматуу Дастанбек Артисбекович, сиз жетектеген Жогорку Кеңештин бардык депутаттарын, аппарат кызматкерлерин, мурдагы чакырылыштын депутаттарын парламенттин 80 жылдык юбилейи менен куттуктайм! Баарыңыздарга чын ден-соолук, бакыбат жашоо, ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайм. Парламенттин юбилейине арналган өзүнчө иш-чара жакында өтөт.

Урматтуу мекендештерим!

Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, жалпы коомчулукту Конституциябыздын чейрек кылымдык мааракеси менен куттуктайм.

Бир катар өзгөртүүлөргө дуушар болгонуна карабастан биздин Конституциябыз коомдук турмуштун туруктуулугун, мамлекеттик түзүлүштүн бекемдигин жана бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыздап келди.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Бүгүн адам укуктарын камсыздоо багытында омоктуу ойлор, салмактуу идеялар айтылат деп ишенем.

Сиздер берген сунуштар, ой-пикирлер биздин өлкөбүздө адам укуктарын сактоо ишин мындан ары да жакшыртууга өбөлгө болот деп ойлойм.

Бүгүнкү конференцияны уюштурууга көмөк көрсөткөн эл аралык өнөктөштөрүбүздүн баарына терең ыраазычылык билдирем.

Конференциянын ишине ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий