• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Адинай Мырзабекова атындагы медиктер жана ыктыярчылардын паркына барды

Президент 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-октябрда, коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына эскерүү стеласы коюла турган Бишкек шаарындагы Адинай Мырзабекова атындагы медиктер жана ыктыярчылардын паркына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы андан ары Адинай Мырзабекованын ата-энеси, туугандары, курсташтары, ошондой эле медицина, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана пандемия менен күрөшкө активдүү катышкан башка жарандар менен пандемиянын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине таазим кылышты.

Сооронбай Жээнбеков келечекте паркка коюла турган стеланын макети менен таанышты.

Стелада алаканы менен көпөлөктөрдү оттон калкалап турган колдун элеси берилген. Бул архитектуралык курулма коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшкө өз салымдарын кошкон өлкө жарандарына арналат.

Чогулгандарга кайрылган Президент бул иш-чара Кыргызстан элинин саламаттыгын сактап калуу үчүн өз өмүрлөрүн берген Адинай Мырзабекованын жана бардык кыргызстандыктардын жаркын элесинин урматына өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Курман болгон кыргызстандыктардын туугандары жана жакындарына көңүл айтуу менен Сооронбай Жээнбеков жаңы парк Адинай атындагы дарыгерлер менен ыктыярчылардын паркы деп аталарын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Адинайдын атасы — Замирбек Женалиев Пандемия курмандыктарын эскерүү аллеясына карагай көчөтүн отургузуу менен Адинай Мырзабекова атындагы медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын паркына бак-дарактарды тигүү жөрөлгөсүн баштап беришти.

Адинайдын туугандары, анын курсташтары, медицина кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана пандемия менен күрөшкө активдүү катышкан башка жарандар дагы паркка бак-дарактарды отургузушту.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарын жашылдандыруунун артыкчылыктуу маселелерине токтолуп, борбор калаанын мурдагы «жашыл шаар» деген атак-даңкын жандандыруу зарылдыгын баса белгиледи. Сооронбай Жээнбеков буга байланыштуу Бишкек шаарында жаңы парктарды курууга жана шаардыктардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

«Калктуу пункттардын экологиясын жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча иштер улантылат», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий