• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Афганистандын КРдагы элчисин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 18.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Мохаммад Иса Месбахтын кыргыз-афган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, Афганистан менен карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Акыркы жылдардагы эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын, ошондой эле Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Ганинин Кыргыз Республикасына 2019-жылдын июнь айында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышуунун алкагында жасаган ийгиликтүү иш сапарын жана 2019-жылдын апрелиндеги Афганистандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин биринчи расмий визитин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Исса Месбахка бекем ден соолук, бакубаттуулук жана ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Афганистандын Элчиси Мохаммад Исса Месбах Кыргызстанда өтөгөн дипломатиялык миссиясынын учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракет кылганын баса белгиледи.

Өз ишин жүргүзүүдө демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигине ыраазычылык айтып, кыргыз-афган эки тараптуу кызматташуусу мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий