• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар региондо коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында мындан ары дагы өз ара аракеттешүүгө даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Ашраф Ганиге Чоң жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздардын маселелерин чечүү боюнча демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы тереңдетүүгө кызыкдарлыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий