• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Аялдар – биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи

Коом 0

Бишкек, 08.03.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн асылзат айымдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу айымдар!

Сиздерди жаркыраган Жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат.

Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып турат.

Кыргызстан аялдары – биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи. Сиздер – үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы жана коомубуздун тирегисиздер.

Сиздердин назик колуңуздардын кубаттуу күчү жаратман эмгек менен мамлекетибиздин күч-кубатын арттырып, өнүгүүгө багыттоого жөндөмдүү.

Ал эми аялзатынын чыдамкайлыгы жана акылгөйлүгү коомдо тынчтыкты сактоого, ынтымакты бекемдеп, биримдигибизди чыңдоого ишенимдүү өбөлгө.

Энелерди жана балдарды коргоо, аялдардын коомдогу ордун жана социалдык статусун жогорулатуу, алардын укуктарын камсыз кылууга жана жөндөмдүүлүктөрүн толук ишке ашырууга зарыл шарттарды түзүү мамлекетибиздин башкы камкордугуна алынууга тийиш.

Ардактуу асылзат айымдар!

Ушул жадыраган жаз майрамында баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бейпил турмуш жана бакыт-таалай каалайм!

Кыргызстаныбыз тынчтыкта жана биримдикте өнүгүп өсүп, келечеги кең, гүлдөгөн өлкөгө айланалы!”

Пикир

Оставить комментарий