• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков аймактарда кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи

Президент 0

Бишкек, 23.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Аймактарда айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүгө адистештирилген кайра иштетүү ишканаларынын курулуш жандандыруу зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда билдирди.

Анын айтымында, ар бир облуста бренд болушу керек. “Биз айыл чарба продукциясын кайра иштетебиз деп а йтыа жатабыз. Биз өстүргөн бардык продукция кайра иштетилиши керек. Бирок анда эмне үчүн Баткен жана Ош облустарында миграция жүрүп жатат. Себеби биз продукциянын наркына дыйкан өстүргөн бааны кошо албай жатканыбызда. Эгерде жөн гана айтсак, баары базарда. Жайында арзан, кийин кымбат. Дыйкандарга товарларын экспорттоого биз өзүбүз жардам бербесек, анда эл кантип жашайт. Качан гана продукция кайра иштетиле баштаганда көтөрүлүү болот”, - деди ал.

Мисалы, Жээнбеков айткандай, Нарында эт жана сүт бар, бул продукциялар кайра иштетилиши керек.

“Мамлекет Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Айыл Банктын, РСК Банктын ресурстарын кайра иштетүүдө колдонуусу керек. Мисалы, Нарында топоздун этин кайра иштетүү боюнча долбоор бар. Рынок да бар. Бирок каражат жок. Мындай долбоорлор Баткен, Чүй облустарында бар. Болгону каражат гана бөлүштүрүү керек”, - деди президент.

Мамлекет башчы КРӨФ жана “Кепилдик фонд” ААК башчыларына аймактарга каржылоо берип баштоону тапшырганын белгиледи. Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча органдар иштеши керек. Алар долбоорлорду даярдашы керек.

“Кепилдик фонду мамлекеттин уруксатызы кепилдик бербеши керек. Өткөн жылы 286 млн сом беришкен. Бардык каражаттар аймактарда кайра иштетүүгө багытталышы керек. Ошондуктан бул маселеге көңүл буруу зарыл. Мына, Мына, биз ЕврАзЭСке кирдик, Өзбекстан менен чек ара ачылды. Демек конкуренция да күчөйт. Конкуренцияга туруштук бериш үчүн биз айыл чарбага, кайра иштетүүгө, дыйканчылыкка катуу колдоо көрсөтүшүбүз зарыл”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий