• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүүдө санариптештирүү боюнча долбоорлор өзгөчө маанилүү

Президент 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы Калкты тейлөө борборунун (КТБ) жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев Калкты тейлөө борборунун кошумча имаратында жергиликтүү эл жарандык ал-абалдын актыларын жазуу, паспорт берүү, архив, нотариат кызматтарын «бирдиктүү терезе» форматы аркылуу ала алышаарын маалымдады.

Жаңы калкты тейлөө борборунун ишмердигинде санарип форматтагы кызмат көрсөтүүлөргө чоң көңүл бурулат. Жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тиешелүү документтерди алууга шарттар бир жерде түзүлөт.

Кошумча имараттын курулушун үстүбүздөгү жылдын август айында бүткөрүү пландаштырылган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев жакынкы мезгилде Ат-Башы жана Сузак райондорунда жана Бишкек шаарында дагы жаңы калкты тейлөө борборлорун ачуу мерчемделип жатканын кошумчалады.

Ушул эле жерден Мамлекет башчысы бюджеттин эсебинен капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн «Чолпон» кинотеатрынын имаратын көрүп чыкты жана ошондой эле жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын таза суу, мектептердин курулушу, жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин жана жеке мүнөздөгү көйгөйлөрүн укту.

Баарлашуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүдө санариптештирүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи. Өлкөнүн ар бир районунда «бирдиктүү терезе» форматындагы кызмат көрсөтүүлөр болушу үчүн шарттар түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Ал аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын максаттары менен милдеттери, калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлордун мааниси, ишкердик жүргүзүүгө шарттарды түзүү тууралуу жана булардын баары ички миграцияны кыскартууга өбөлгө болоорун айтып берди.

Президент акыркы эки жылда бюджеттин жана каржы институттарынын каражаттары кайра иштетүү өнөр жайын колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, туризм чөйрөсүн өнүктүрүү жана башкалар үчүн аймактарга багытталгандыгын белгиледи. Бул чаралар калкты жумуш менен камсыз кылуу, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү маселелерин, жалпы эле облустардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн шарттайт.

Өз бизнесин ачууну пландап, бирок күрөөсү жок болуп жаткандарга Кепилдик фонду түзүлгөнүн эске салды. Анын ишмердүүлүгү дагы аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берет.

Мамлекет башчысы пандемиянын кесепетинен келип чыккан кыйынчылыктарга карабастан, санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагындагы долбоорлор баарынан мурда жер-жерлердеги тургундардын ыңгайлуу жашоо-шартын жогорулатуу үчүн бардык облустарда улантыларын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган маселелер эске алынганын, көйгөйлөр жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чечилерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий