• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган

Президент 0

Бишкек,21.08.19. /Кабар/. «Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын дагы», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-августта, Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын ачылышында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы мындай ишканалар облустардын социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир тийгизерин, жаңы жумушчу орундары жана жергиликтүү дыйкандардын продукциясын өткөрүү пункттары түзүлөрүн канааттануу менен белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылдын ичинде Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аймактарды өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрү үчүн жеңилдиктер берилип жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун 80 пайызынан ашыгы айыл жерине, анын ичинен 50 пайыздан ашыгы айыл чарба тармагына багытталып жатканын белгиледи. Ошондой эле «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК жана «Кепилдик фонд» ААКнын ишмердигинин негизги басымы аймактарды жана айыл чарбасын каржылоого жасалып жатат.

«Өзүңөр билгендей, Кепилдик фондунун ресурстарынын көп бөлүгү аймактык долбоорлорго багытталууда. Айыл Банк жана РСК Банк дагы облустарды жана айыл чарбасын каржылоонун үлүшүн жогорулатышты. Бүгүнкү күндө 60% ашуун каражаттар бул максаттарга жумшалууда. Бул биринчи кезекте жумушчу орундардын жоктугунан болуп жаткан миграцияны кыскартууга, калктын кетишин азайтууга багытталган. Ал үчүн жергиликтүү тургундар өз продукциясын сатууга мүмкүнчүлүгү болгондой айыл өндүрүүчүлөрүн колдоо керек», — деп айтты Президент.

Мамлекет башчысы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо улантылат деп ишендирди. Ал ушул сыяктуу сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды Талас, Ош жана Нарын облустарында ачып, эми Ысык-Көл облусунда ачканы жаткан «Үмүт и Ко» компаниясына ыраазычылык билдирди.

«Биз кайра иштетүүчү өнөр жайына көп көңүл буруп жатабыз, биздин айылдарда чийки зат жетиштүү. Бул сыяктуу ишканалардын ачылышы менен чет жакка чыкпастан, өз үйүнөн иштөөгө мүмкүнчүлүк пайда болууда. Ошондой эле бул өнүгүүгө жана мал чарбачылыгына заманбап технологияларды тартууга дем берет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКынын ишке киришүүсүнө 100 млн сом сарпталган, бүгүнкү күндө суткасына 3 тонна сүт кайра иштетилет. Анын жалпы өндүрүш кубаттуулугу менен суткасына 150 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүн.

Президент Сооронбай Жээнбековго маалымдашкандай, завод Нарын облусундагы сүт сатуучу эң ири ишкана болот, чийки зат жергиликтүү фермерлерден 18 сомдон 25 сомго чейин сатып алынат.

Пикир

Оставить комментарий