• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар күчөтүлөт

Президент 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. «Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар күчөтүлөт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болгон санарип баарлашуу учурунда.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал аймактардагы топтолуп калган бир топ кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгаргандыгын, ошондуктан региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин белгиледи.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, өлкө башчысы аймактарды башкаруу, жергиликтүү бизнести колдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, региондордун атаандаштык артыкчылыктарын максималдуу жогорулатуу керектигин баса белгиледи.

«Негизги максатыбыз — жаңы санарип мамилелерди колдонуу менен региондорду комплекстүү жана ырааттуу өнүктүрүү. Бюрократияны кыскартып, жер-жерлерде калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, муниципалдык кызматтагы жол-жоболорду автоматташтыруу менен жарандарыбыздын жашоо-турмушун жеңилдетүү — негизги милдеттерибиздин бири. Региондорго санарип технологияларды киргизүү жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү облус жана райондордун жетекчилеринин ишин баалоонун башкы критерийлеринин бири болуп калат», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий