• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Айрым жарандар чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат

Президент 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. «Жарандарыбызды жоопкерчиликке чакырам. Айрым жарандарыбыз чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

«Бул илдет жок, бул — ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары — ар бир мекендешимди толук жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи. «Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», — деп мамлекет башчысы өкүнүү менен белгилеп, медиктердин талаптарын бузгандарга айыппул салууну талап кылды.

«Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айыппул төлөшүңөр керек», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышкан өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып жатып.

Пикир

Оставить комментарий