• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Айрым жеке адамдардын же саясий топтордун амбициялары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши зарыл

Президент 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. «Саясий талаш-тартыштар, күрөш, атаандаштык, бардыгы болушу керек. Бирок ушул талаштар, жеке же саясий топтордун амбициялары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши зарыл», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген маегинде өлкөнүн көз карандысыздыгынын баалуулугу жөнүндө суроого жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы бул өзгөчө жакындап калган парламенттик шайлоонун алдында актуалдуу болуп жатканын белгиледи.

«Саясатта чеберчилигин көрсөтөм деп, коомду, керек болсо мамлекетти түйшүккө салбоо керек. Бул ар бир саясатчымын деген адам үчүн эң негизги эреже болуп калса, мына ошондо жаңы саясий маданият калыптанды деп айтса болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал эгемендикке ээ болгон бул жылдары мамлекет көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн, көп жеңиштер жана артка кетүүлөр, жетишкендиктер жана кырсыктар болгонун эске салды.

«Элибиз жамандыкта биригип, жакшылыктарда чогуу кубанды. Мына, кечээ жакында азыркы Covid-19 илдети менен күрөш күчөп турган кезде да, биздин кадырман элибиз биримдигин көрсөттү. Бул илдет да биздин кандай эл экендигибизди, мамлекет экендигибизди сынады», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жаңы тарыхында мындай сыноолор аз болбогонун, мамлекеттүүлүгүбүздү, эгемен өлкө экендигибизди сынаган оор мезгил 2010-жылга туш болгонун баса белгиледи.

«Алгач апрель окуясы, андан кийин коогалаңдуу июнь окуясы болгонун баарыбыз унутпайбыз. Айрыкча июндагы Ош коогалаң окуясы бул мамлекетибиздин тарыхында оор мезгил, оор күндөр катары кара тамга менен жазылып калды. Мына ошол окуялар тынчтыктын, биримдиктин баасын билгизди. Эгемендиктин баасын сездирди. Мамлекеттүүлүк деген эмне экендигин эске салды. Эл үчүн да, бийликтегилер үчүн да чоң сабак болду. Андан сабак алдыкпы, жокпу, бул да туура коюлган маселе. Бул окуялардын маанисин биз азыркы муунга гана эмес, келечектеги муунга да сиңирип, жеткиришибиз керек. Бул окуялар бир гана мен үчүн эмес, кийинки мамлекет башчыларына, жалпы саясатчыларга сабак болушу керек», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий