• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков айрым жергиликтүү сотторду которуу жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков айрым жергиликтүү сотторду которуу (ротациялоо) жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич Жалал-Абад облустук сотунан Баткен облустук сотуна, Жороев Султангазы Золотунович Баткен облустук сотунан Жалал-Абад облустук сотуна которулду.

Буга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мындай ротациялоо процедурасы эки тараптын тең судьяларынын макулдугу менен ишке ашырылат.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий