• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Айтматовдун Нью-Йорктогу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышууну пландоодо

Президент 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын Нью-Йорк шаарына болгон сапарынын алкагында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышууну пландоодо. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

25-сентябрдын экинчи жарымында Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.

Сапардын жүрушүндө БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттереш жана ассамблеянын катышуучу өлкөлөрүнүн башчылары менен расмий жолугушуу пландалууда.

“Ошондой эле биздин президенттин жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышуусу пландалууда. Аны менен бирге Нью-Йоркто Европалык биримдик менен биргеликте Борбордук Азиядагы мурдагы уран казып алуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу коркунучтарга арналган жогорку деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү пландалууда. Кыргызстан БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясын жаңыртуу демилгеси менен (Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучунун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу) чыккан”, - деди Сыдыков.

Аталган резолюциянын максаты уран калдык сактагычтарын калыбына келтирүүнүн жаңы этабына чыгуу.

Бул иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышат.

Пикир

Оставить комментарий