• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Ак-Башат айыл өкмөтүнүн мисалында ЖӨБ органдарын санариптештирүү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине санарипти киргизүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы жана кызматкерлерди каттоо боюнча «E-kyzmat» автоматташтырылган системасы менен тааныштырды.

Учурда бул аянтчалардын негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган үй-бүлөлөрдүн курамын жана жашоо деңгээлин баяндаган чарбалык китебинин электрондук түрү түзүлгөнү белгиленди. Азыр 852 үй-бүлөнүн маалыматтары бул системага киргизилген.

Ак-Башат айыл өкмөтүндө жарандардан арыздарды кабыл алуу жана талап кылынган документтерди тапшыруу «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле, ушул принцип менен социалдык, салык жана жер маселелери боюнча адистердин кызматтары көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматынын, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Келечекте ведомстволор аралык «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардын (Социалдык фонд, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги ж. б.) маалыматтык базаларына кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Рыскулбек Осмоналиев белгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча 300дөн ашуун айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү санарип аянтчаларын колдонуу боюнча дистанттык окутуудан өтүшкөн. Эпидемиологиялык кырдаал турукташкан соң аймактарга барып окутууну улантуу пландалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир айыл өкмөттөрүндө жана бардык аймактарда санариптештирүүнү жайылтуунун маанисин белгиледи. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуулугун жогорулатат. Ошондой эле, жергиликтүү калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процессин автоматташтырып, бул бюрократияны кыйла азайтып, кабыл алынып жаткан чечимдердин сапатын жогорулатат.

Мамлекет башчысы жер-жерлерде санарипти киргизүүнүн негизги максаты жергиликтүү калкка мамлекеттик кызматтарды алууда ыңгайлуулукту жогорулатуу жана коррупция элементтерин азайтуу экендигин эске салды.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардагы бюрократия жана коррупциянын азайышына алып келген соттолбогону тууралуу маалымдама катын берүү автоматташтырылганын мисалга келтирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы ишти өлкөнүн бардык аймактарында активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилүү болгондой, 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Санариптик трансформациялоо мамлекеттик саясаты Президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө жүзөгө ашырылууда.

«Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасынын негизги милдети — мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди автоматташтыруу аркылуу айылдык аймактардын натыйжалуулугун жогорулатуу. Системаны 2020-жылдын аягына чейин өлкөнүн 453 айыл өкмөтүндө ишке киргизүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий