• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков «Ак Шумкар» өзгөчө белгисинин жана бир катар төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ак Шумкар» өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

  1. »Ак Шумкар» өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын

10-июлундагы № 234 «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» Указы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын

7-июнундагы № 166 «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Указы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын

24-ноябрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын «Данакер» ордени жөнүндө» Указы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын

7-июнундагы № 138 «Кыргыз Республикасынын Президентинин

1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын

26-ноябрындагы № 281 «Кыргыз Республикасынын «Курманжан Датка» ордени жөнүндө» Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын

29-ноябрындагы № 283 «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын

18-августундагы № 147 «Кыргыз Республикасынын «Даңк» жана «Достук» ордендеринин үлгүлөрүн жана сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын

10-сентябрындагы № 125 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» Жарлыгынын 2-пункту.

3.Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он

күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жарлыктын максаты — Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү.

Ушул Жарлык менен 1996-жылдан 2017-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыктары менен бекитилип, колдонуудагы мамлекеттик сыйлыктардын сүрөттөлүштөрүн иретке келтирүү, ошондой эле I жана II категориядагы ардак наамдарга жаңы төш белгилердин жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына «Ардак белги» төш белгисинин сүрөттөлүштөрүн бекитүүнү карайт.

Пикир

Оставить комментарий