• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Ак-Талаа районундагы жолдордун реконструкциясы жана мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы жолдордун реконструкциясы жана мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппарытынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Нарын-Баетов, Куртка-Соң-Көл, Акталчат-Казарман айылдарындагы жолдорго, Кулубай жана Султаналиев көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери боюнча маалымат берген.

Жалпысынан Ак-Талаа районунда 8,5 чакырым ички жолго асфальт төшөлөт. Жумуштарды 2019-жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Жанат Бейшенов буга чейин президенттин айткан сунушуна ылайык, өлкөнүн ар бир районунда 3 чакырым жолду реконструкция кылуу боюнча жумуштар жыл сайын жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

Андан соң президент Баетов айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышкан.

Курулуп жаткан мектеп эки кабаттан турат жана 275 окуучуга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаж иштери 70 пайызга бүткөрүлгөн. Курулушту толугу менен бүтүрүүгө кошумча 14 млн сом керектелүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жашоо шарты оор алыскы райондордо социалдык, билим берүү объектилерин, жол-транспорт түйүндөрүн куруу артыкчылыктуу багыттар болуп саналарын белгилеген.

Ал, бул багытта жумуштар бир жыл менен чектелбей, ар дайым өлкөнүн көңүлүнүн борборунда болорун айткан.

Пикир

Оставить комментарий