• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жээнбеков АКШнын КР элчиси Шейла Гуолтнини кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штатынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтнини анын биздин өлкөдө дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы АКШ элчисине активдүү дипломатиялык ишмердүүлүгүнө жана Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штатынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы экономикалык активдүүлүктү баса белгиледи. Ага мисал катары жакында эле Кыргызстанга ири америкалык компанияларды өкүлдөрүнүн келишим жана Бишкек шаарында өткөн бизнес-форумду атады.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни ал биздин өлкөгө келгенден баштап, дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Тактап атайтканда элчи Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салымын кошо турган бирдиктүү долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгы тууралуу маалымдады. Элчи Шейла Гуолтни баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штатынын ортосундагы мамилелери эки өлкөнүн калкынын пайдасына багытталып чоң мүмкүнчүлүктөрго ээ.

Пикир

Оставить комментарий