• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков АКШнын президенти Дональд Трампка көңүл айтты

Саясат 0

Бишкек, 01.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампка АКШнын мурдагы президенти Джорж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы жана дипломат Джордж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Сизге, жалпы Америка элине, Джордж Буш-улуусунун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий