• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган спортзал жана музейге барды

Президент 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды.

Мамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин территориясында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата 2012-жылы курулган музейди көрүп чыкты. Директор Урмат Назаров музейдин түзүлүшүнүн тарыхын айтып берип, экспонаттарга кыскача экскурсия жасады. Президент музейдин айланасындагы жерге бак отургузду.

Ал ошондой эле жергиликтүү калктын колдоосу менен ашар ыкмасы менен курулган «17-март» спортзалынын ачылышына катышты.

Спортзалды курууну колдоо максатында, Президент Сооронбай Жээнбековдун фондунан 1,5 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Ачылыш аземинен кийин орто мектептин окуучулары Аксы окуялары боюнча кыскача театрлаштырылган оюн көрсөтүштү.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочуларды спортзалдын ачылышы менен куттуктап, Аксы районунда башка аймактардагыдай эле социалдык объекттер курулуп жатканын эске салды.

Ал дагы бир жолу Аксы окуяларынын Кыргызстандагы эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштөгү маанисине токтолуп, келечекте мындай трагедиялар кайталанбашын каалады.

Пикир

Оставить комментарий