• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Акыркы 2 жылда айыл чарба продукцияларынын географиясы кеңейди

Президент 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. «Акыркы 2 жылда айыл чарба продукцияларынын географиясы кеңейди», – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй областынын Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Жолугушууда президент мисал катары Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар ж. б. мамлекеттерге продукция чыга баштаганын айтты. Кытай Эл Республикасына экспорттоону активдештирүү максатында иш–аракеттер планы бекитилгенин, аны ишке ашыруунун натыйжасында Кытайга болгон айыл чарба азыктарынын экспорту өткөн жылы 23,7 пайызга көбөйгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча КР өкмөтүнүн программасы кабыл алынган. Аталган программага ылайык, кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясынын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралган.

«Мунун баары айыл чарба продукцияларынын экспортунун 32,4%га, же 54 млн долларга өсүшүнө алып келди», – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий