• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков: Акыркы эки жылда 11 чек ара заставасы курулду

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков армияны чыңдоо жана чек ара коопсуздугун бекемдөө багытында канааттануу менен белгилей турган иштер аткарылгандыгын билдирди.

Мамлекет башчысы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында билдиргендей, акыркы эки жылда 11 чек ара заставасы курулду.

"Чек ара кызматы 125 даана атайын техника менен камсыз болду. Россия Федерациясынын жардамы менен Куралдуу күчтөр быйыл вертолеттор жана бронетранспортерлер менен камсыз болду. Эки жылдын ичинде 311 батирлүү 13 турак үйү курулуп, пайдаланууга берилди. Азыр 288 батирлүү 3 үй курулууда", - деп маалымдады.

Президент кошумчалагандай, контракттык негиздеги аскер кызматкерлеринин айлыгы 30 пайызга көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий