• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков алдыда. БШК шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын айтты

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17./Кабар/. Кыргызстанда бардык шайлоо тилкелери жабылды. Шайлоо боюнча борбордук комиссия болжолдуу добуштардын жыйынтыгын чыгарууда, жыйынтык боюнча алдыда Сооронбай Жээнбеков келе жатат.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, Жээнбеков саат 20:30га карата – 54,6%, Өмүрбек Бабанов – 33,9% добуш алган.

Адахан Мадумаров БШКнын берген маалыматы боюнча – 6,56%, Сариев – 5,55% добуш алган.

Маалыматка ылайык, 20:30га карата шайлоочулардын саны – 48% түзгөн.

Бардыгы болуп республика боюнча 2375 шайлоо тилкеси иштеди. Ошондой эле 37 тилкеси чет жерлерде ТИМ мекемелеринде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий